Кикбоксчу Адилет Улан уулу Азия чемпионатынын финалына чыкты

Кикбокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Адилет Улан уулу Таиланддын борбору Бангкок шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кикбокс боюнча курама команданын мүчөлөрү билдиришти.

Маалымдалгандай, спортчу 60 килограмм салмак категорияда К-1 дисциплинасында күчүн сынап жатат.

Алгачкы беттешинде казакстандык балбанды жеңген.

Финалда өзбекстандык спортчу менен күч сынашат.

Азия чемпионаты 10-декабрда башталган. 18-декабрда жыйынтыкталат. Аталган мелдеште Кыргызстандын намысын 10 спортчу коргоп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан