Кикбокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Салиха Гобоева Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кикбокс боюнча курама команданын мүчөлөрү билдиришти.
Маалымдалгандай, спортчу 56 килограмм салмакта кыз-келиндер арасында лоу-кик дисциплинасында беттешти.
Биринчи беттешинде жеңишке жетип, ал эми жарым финалда кореялык спортчуга жеңилип, 3-орунду ээледи.
Кикбокс боюнча Азия чемпионаты 10-декабрда башталган. 18-декабрда жыйынтыкталат. Аталган мелдеште Кыргызстандын намысын 10 спортчу коргоп жатат.