Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда Казакстанстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.
Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен кызуу куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми боордош казак элине – бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Эске салсак, Казакстандын көз карандысыздыгы тууралуу Конституциялык мыйзам 1991-жылдын 16-декабрында күчүнө кирген.