Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык оюнун польшалык калыс башкарат

Польшалык калыс Шимон Марциняк Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык оюнуна калыстык кылат. Бул тууралуу Польшанын футбол союзунун расмий сайты билдирди.

Белгилүү болгондой, Марцинякка жердештери Павел Сокольницкий жана Томаш Листкевич жардам беришет.

Марциньяк буга чейин Катарда өткөн турнирде Аргентина менен Франциянын курама командалары катышкан беттештерге калыстык кылган. 41 жаштагы поляк ⅛ финалдык беттештин башкы калысы болгон, анда аргентиналыктар Австралиянын командасын жеңген (2:1), ошондой эле тайпалык баскычтагы Франция менен Даниянын беттешинде (2:1) иштеген.

Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун финалы 18-декабрь күнү Франция менен Аргентинанын ортосунда болот. Оюндар "Лусаил" стадионунда өтөт.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан