Бүгүн, 16-декабрда "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземине байланыштуу Чүй кең көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат.
Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, Чүй кең көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү кечки саат алтыдан иш-чара аяктаганга чейин жабык болот.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.