Биз социалдык тармакта

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысы жандырылды

Бүгүн, 16-декабрда саат 19:15те Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысы жандырылды.

Иш-чаранын алкагында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров сөз сүйлөп, шаардыктарды жана шаар конокторун келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Ал белгилегендей, быйылкы жаңы жылдык балаты 7 миң оюнчук менен кооздолгон. Бул кыргыз калкынын 7 миллионго жетиши менен байланыштуу экенин белгиледи.

Иш-чара чакан концерттик программа менен коштолууда.

Сырттагы суук аба ырайына карабай майрамдык жасалгаларды, концерттик кечени көрүүгө келгендердин саны арбын.

Эми кооздолгон балаты жаңы жылга чейин жана андан кийин да шаардын борбордук аянтына көрк берип турмакчы.

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысы жандырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан