"Тилин жутуп алган". Бишкекте куткаруучулар эки жашар наристенин өмүрүн сактап калды

Бишкекте куткаруучулар 2 жашар наристенин өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 18:00дөр чамасында Бишкектин Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде нөөмөттөн кайтып келе жаткан куткаруу кызматынын унаасы жолдон өтүү кезегин күтүп токтоп турган маалда, келин баласы тилин жутуп, эс учун жоготкондугун айтып, жардам сурап кайрылган.

Жерине ыкчам түрдө Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 3 куткаруучусу барып, 2 жашар А.Ч. аттуу баланын тилин чыгарып, жасалма дем алдыруу жолу менен дем алышын калыбына келтиришкен.

Андан соң, куткаруучулар наристени №3 шаардык балдар ооруканасына жеткиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан