Кикбоксчу Авазбек Аманбеков 3-ирет Азия чемпиону болду

Кикбоксчу Авазбек Аманбеков 3-ирет Азия чемпиону болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кикбокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү билдиришти.

Авазбек Аманбеков финалдык беттеште Өзбекстандан барган спортчу менен беттешкен. Мекендешибиз 60 килограмм салмак категориясында мушташкан.

Кикбоксчу буга чейин Азия чемпиондугунда эки ирет 1-орунду ээлеген.

Эске сала кетсек, ушул күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында Азия чемпиондугу өтүп жатат. Анда Кыргызстандын намысын 10 спортчу коргоп жатат.

10-декабрда башталган турнир бүгүн, 18-декабрда жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан