Авазбек Аманбеков кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугун утту

Кыргызстандык Авазбек Аманбеков 8-декабрда Түркиянын Анталия шаарында жыйынтыкталган кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Авазбек Аманбеков 57 килограмм салмакта кикбокстун “Kick light musical forms” бөлүгүндө рингге чыкты. Чемпиондукка карай ал 4 атаандашын утту.

Эске салсак, буга чейин аталган мелдешке аттанган 13 кыргызстандык кикбоксчунун ичинен Уланбек Касымбеков (54 килограмм) менен Кумар Жалиев (81 килограмм) коло медаль тагынышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aviator
2013-12-09 10:44:36
Азаматсынар.
0
INailia
2013-12-09 10:44:43
молодец!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан