Кечээ, 19-декабрда Колумбияда өткөн дүйнө чемпионатына катышкан оор атлетика боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкекке келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
“Манас” эл аралык аэропортунан спортчуларды оор атлетика боюнча федерациянын мүчөлөрү, спортчулардын жакындары, достору жана күйөрмандары тосуп алышты.
Белгилей кетсек, дүйнө чемпионатында Бакдөөлөт Расулбеков 102 килограмм салмак категориясында кичи коло медалга ээ болгон. Ал эми 89 килограмм салмак категориясында Эмил Молдосов 9-орунду ээлеген.