Сыймык Бейшекеев баштаган маданият өкүлдөрү Бекжан Темирханды эскерүү концертинен түшкөн каражатка анын ата-энесине Бишкектеги жаңы конуштардын биринен үй алып беришти.
"Жалпы элге жана башында туруп уюштурган Сыймыкка, Аселге (ред.: Сыймык Бейшекеев, Асел Турдалиева) ыраазычылык билдирем! Уулум менен мындан эки ай мурда келип ушул үйдү көрүп, Бекжан “унааны сатып алсакпы, ата?” деп кетти эле. Акыры буюрган экен", - деп эскерип өттү Бекжандын атасы Темирхан Акылбаев.