Бүгүн, 20-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында Жаңы жылдык балатынын чырактары жандырылды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирет.
Калаа бийлигинен маалымдашкандай, салтанаттуу иш-чарага мэр Бакытбек Жетигенов, шаар тургундары, коноктору жана жаштар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаардык маданият башкармалыгы тарабынан концерттик программа уюштурулду.
Белгилей кетсек, жаңы жылдык балатынын бийиктиги 29 метрди түздү.