Эл аралык спорт басма сөз ассоциациясы расмий сайтында Лионель Месси баштаган Аргентина курама командасынын оюнчуларынан кечирим суроону талап кылды.
Буга себеп, Аргентина курама командасы Францияны жеңип алган финалдык оюндан кийин ар кайсы өлкөлөрдөн келген көптөгөн спорт кабарчылары жеңүүчүлөрдөн комментарий алууга аракет кылышкан. Аргентиналык футболчулар интервью бергендин ордуна жаман сөздөр менен кыйкырып ырдашкан.
Спорт журналисттеринин эл аралык уюму эң маанилүү оюнда жеңишке жетишүү футбол тууралуу жазган жана кесиптик милдетин аткарган адамдарды кемсинтүүгө укук бербей турганын белгилейт.
Буга чейин сыйлык тапшыруу аземинде Аргентинанын дарбазачысы Эмилиано Мартинес көрүүчүлөргө карата кемсинткен ишарат жасаган. Кийинчерээк ал финалда аны кубаттаган франциялык күйөрмандарга ушундай мамиле кылганын түшүндүргөн.