Футбол боюнча Дүйнө чемпиону болгон Аргентина курама командасынын футболчулары Буэнос-Айрес шаарынын борборуна автобус менен жете албай, тик учак менен эвакуацияланды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Буэнос-Айрестин түштүгүндө жайгашкан Рока паркынан үч тик учак оюнчуларды эвакуациялаган. Футболчулар келиши керек болгон шаардын борборуна дагы 17 чакырым бар болчу. Автобус күйөрмандардын көптүгүнөн улам шаардын борборуна жете алмак эмес. Аларды ага чейин эле 5 миллиондой адам күтүп жаткан.
Ошондой эле жеңишти майрамдоо маалында 2 адам каза болду.
Аргентина курама командасы 18-декабрда Дүйнө чемпиондугунун финалында Францияны утуп, Дүйнө чемпиону аталган.