Биз социалдык тармакта

Мадумаров: "Тилдин ашмалтайын чыгарбай, бир тилде сүйлөсөңүздөр"

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 21-декабрдагы жыйынында эл өкүлү Адахан Мадумаров өкмөттүн өкүлдөрүн бир тилде сүйлөөгө чакырды.

"Бир тилде сүйлөсөңүздөр, тилдин "ашмалтайын" чыгарып жибердиңер, кайсы тилде сүйлөр жатканыңарды билбей жатабыз. Башынан аягына чейин бир тилде сүйлөсөңөр, эки тилди кошуп сүйлөп жатасыңар эч ким, эч нерсени түшүнбөй жатат. Сизди карап отурган канча окуучу, студент бар, алар кандай үлгү алып жатат?" , - деди депутат.

Учурда парламентте "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр талкууланып жатат. Аны министрлер кабинети демилгелеп чыккан.

Баяндаманы экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова жасап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан