Биз социалдык тармакта

Өлкөдө акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

"Бишкек шаарында 3, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 3 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Алсак, Кемин районунун Кара-Булак айылында короодо 150 түк чөп күйгөн.

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын жана мончонун 30 чарчы метр чатыры күйгөн.

Кант шаарында Жылдама кичи районундагы кичи базарда 12 чарчы метр азык-түлүк койгон тирөөчтөрү күйгөн.

Өрттүн себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан