Чүйдө айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп кетип, ал ооруканада каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кабарлашты.
Маалымдалгандай, жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу 22 жашта экени белгилүү болду. Ал милиция тарабынан кармалды.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-декабрда кечке маал Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун 16-чакырымда 2000-жылы туулган айдоочу Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унаасы менен күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жатып, түштүктөн түндүктү көздөй өтүп бара жаткан 1988-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзгөн.
Кырсык болгон жерден айдоочу унаасы менен Сокулук аймактык ооруканасына жандандыруу бөлүмүнө жеткизилгенден кийин, жабырлануучу каза болуп калган. Мындан улам айдоочу кылган кылмышын байкатпоо үчүн унаасын жашырып койгон.