Футбол: УЕФА уюму "Ювентус" клубун турнирлерден четтетиши мүмкүн

Европа футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) туриндик "Ювентус" футболдук клубун Европадагы мелдештерге катышуудан четтетиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, буга себеп каржылык мыйзам бузуу фактысы болууда. Эгер бул тастыкталса анда "Ювентуска" эл аралык турнирлерден четтетүү түрүндөгү санкция колдонулат. Учурда клубга карата тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, пандемия учурунда "Ювентус" футболчуларына тымызын маяна төлөп жүргөнү айтылган. Бирок клуб оюнчулар акчадан убактылуу баш тартканын билдирген. Оюнчулар айлык алуудан баш тартканы коомчулукка жарыяланганына карабай, "Ювентус" жетекчилиги футболчулар менен жашыруун келишим түзүп, ири суммадагы акчаны төлөп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан