Франция курама командасынын жылдызы Килиан Мбаппе футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалындагы Аргентинага каршы оюнда командалаштарына айткан сөзү социалдык тармактарга тарады.
Бул учурда Франция Аргентинага 2:0 эсебинде утулуп жаткан.
"Балдар, бул Дүйнө чемпиондугунун финалы. Алар бизге эки гол киргизишти, биз эки гана гол айырмачылыгында утулуп жатабыз. Биз дагы эле кайтып келе алабыз. Мындай мүмкүнчүлүк төрт жылда бир жолу келет", - деди Мбаппе.
Дал ушул сөздөн кийин Килиан Мбаппе Аргентинага хет-трик жасап, оюнду пенальтилер сериясына чейин жеткирген.