"АФКда ойнойбу?". Криштиану Роналду жаңы клуб менен сүйлөшүү үчүн Эр-Риядга барды (фото)

Португалия курама командасынын жылдызы Криштиану Роналду Сауд Арабияга жаңы клуб менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн барды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 37 жаштагы чабуулчу Эр-Рияд шаарына "Аль-Наср" футболдук клубу менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн барды. Жакынкы арада Роналду клубдун жетекчилиги менен жолугушууну пландоодо. "Аль-Насрдын" өкүлдөрү өз кезегинде футболчу менен тез арада келишим түзүүнү каалап жатат.

Буга чейин сауд арабиялык клуб футболчуга жалпысынан 500 миллион еврого келишим сунуштаганы кабарланган. Ал "Манчестер Юнайтед" келишимин бузгандан кийин эркин агентке айланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Келте
2022-12-22 11:52:00
Фейк маалымат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан