Ош шаарында Энергетиктер күнү белгиленди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-декабрда Ош шаарында Энергетиктердин кесиптик майрамы белгиленди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков катышып, энергетиктерди майрамы менен куттукташты.
Иш-чаранын алкагында мыкты кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле шаардагы энергетика ишканаларын материалдык колдоо иретинде ар бир мекемеге 10 миң сомдон тапшырылды.