"Зыян 1 миллион 600 миң сом". Панфилов районунун энергетиктерине кылмыш иши козголду

Чүй облусундагы Панфилов райондук электр тармактарында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган мекеменин материалдык жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 1 миллион 605 миң 749 сом болгон товардык-материалдык баалуулуктар жок кылынгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча көзөмөл органы тарабынан "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жыйынтыгында 1 миллон 605 миң 749 сом толугу менен өндүрүлүп, кылмыш иши негизинен кароо үчүн райондук сотко жөнөтүлгөн.

Учурда иш кароо алдында турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан