Чүй облусунун Новопокровка айылында мыйзамсыз аңчылык кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, үч браконьер жапайы канаттууларга мыйзамсыз аңчылык кылган. Аларга протоколдор түзүлүп, 32 миң 500 сомго айып салынып, 3 миң сом доо коюлду.
"Ок атуучу куралдар, ошондой эле мыйзамсыз олжолонгон канаттуулар алынды", - деп айтылат маалыматта.
Мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.