Таласта үйүндө баңгизат сактап жүргөн жаран кармалды

Таласта үйүндө 4 килограмм баңгизат сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинен билдиришти.

Кабарлангандай, Талас шаарынын тургуну Т.Р аттуу адам баңгизат сактап жүргөнү тууралуу маалымат түшүп, анын үйүнө тинтүү жүргүзүшкөн. Тинтүү учурунда 1976-жылы туулган жарандын үйүнүн кампасынан 4 килограмм 145 грамм кургатылган каннабис табылган.

Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан