Караколдо интимдик кызмат көрсөткөн жай аныкталды. Сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайды уюштурган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Үстүбүздөгү жылдын июль айында милицияга Каракол шаарынын аймагында белгисиз аял сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруп, кыздардын ыплас аракеттерине көмөктөшүп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Аталган маалымат каттоого алынып, "сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан фигуранттын ким экендиги аныкталды. Ал Каракол шаарынын 55 жаштагы Б.Н. аттуу тургуну болуп чыкты.
Жакында милиция кызматкерлери тарабынан интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча көмүскө жай уюштурулган Каракол шаарындагы сауналардын биринде санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Тинтүү учурунда шектүү аялдан жана интимдик кызмат көрсөткөн беш кыздан жалпы суммасы 4600 сом болгон алдын ала белгиленген акча каражаттары алынган. Мындан тышкары, далил катары сексуалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн каражаттар алынган.
Сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин шектүү шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.