Биз социалдык тармакта

"Баса албай калды". Камактагы Орозайым Нарматованын абалы оорлошкону кабарланды

Камакта ачкачылык жарыялаган мурдагы депутат Орозайым Нарматованын абалы оорлошту. Мындай маалымат Орозайым Нарматованын социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.

"22-декабрда саат 14:00 менен 15:00дүн ортосунда Орозайым Нарматованы тергөө башкармалыгына алып чыкканга опер кызматкерлери СИЗО-1ге келишип, бирок анын өз алдынча баса албагандыгына байланыштуу СИЗОнун кызматкерлери замбилге жаткырып, камерасынан короого алып чыгышыптыр. Абалы оор болгонуна байланыштуу тергөө органына алып кетпейбиз деп бара албаптыр. Жактоочусу да Орозайымга жолугушууга барса чыга албаптыр. Сүрөттү Орозайым Нарматованын жүрөгүн текшерткени "Тез жардам" менен чыкканда жактоочусу тартып алган", - деп жазылды Нарматованын баракчасына.

23-октябрда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери массалык баш аламандыкка даярданган деген айып менен 20дай адамды кармашкан. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira...
2022-12-23 11:27:00
Тил жаман да тил. Тилди тыйыш керек, особенно аял адамдар.
+2
Саман
2022-12-23 13:09:00
Өлумуш боло беретта шумшуктор , мага камак жакты семирип калдым деп мактанып атты элего.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан