Кыргызстандык жаш хоккейчилер АКШда өткөн эл аралык мелдеште 1-орунду ээледи

Кыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр курама командасы Pittsburgh Ice Arena Cup эл аралык турниринде 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Спорттук мелдеш 8-14-декабрь күндөрү АКШда өткөн.

Мындан сырткары курама команда "НХЛ" клубунун мыкты чабуулчусу Евгений Малкин менен жолукту.

Белгилей кетсек, АКШдагы Хоккей академиясына Умар Нажимидинов (Кыргызстан), Нурсултан Темирбеков (Кыргызстан), Рамазан Абкеримов (Казакстан) жана Ратмир Абкеримов (Казакстан) кабыл алынып, окуп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан