Кыргызстандын волейбол боюнча эркектер курама командасы 23 жашка чейинкилер арасында өтүп жаткан (U-23) зоналык Азия чемпиондугуна катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты.
Мелдеш Бангладештин Дакка шаарында 19-декабрда башталган. Анда жалпы төрт команда: Непал, Бангладеш, Шри-Ланка жана Кыргызстандын курамалары күчүн сыноодо. Мелдештер 28-декабрда жыйынтыкталат.
Алгачкы оюнда Кыргызстандын курамасы Шри-Ланканы 3:1 эсебинде утса, Бангладеш Непалды 3:0 эсебинде жеңди.
Кыргызстан – Шри-Ланка оюнунда Жантемир Жээнбек уулу мыкты оюнчу аталды.
Бүгүн, 23-декабрда кыргызстандык волейболчулар Бангладештин курамасы менен беттешет.
Кыргызстандын атынан 10 спортчудан турган курама команда катышып жатат.