Биз социалдык тармакта

Ташиев баштаган аткаминерлер Баткен окуясында каза болгондорду эскерүү иш-чарасына барды (фото)

Бүгүн, 23-декабрда Баткенде курман болгондордун сүрөттөрүн Улуттук тарых музейине өткөрүп берүү иш чарасы өтүп жатат.
Ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин депутаттары, кандуу окуянын катышуучулары, курман болгондордун жакындары жана тургундар катышууда.
Иш-чаранын алкагында соңку Баткен окуясында баатырларча курман болгондордун сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду. Эми мындан ары алардын сүрөттөрү тарых музейинде сакталат.
Эскерүү иш-чарасынын катышуучулары шейит кеткендердин эмгегин жогору баалап, алардын ар биринин элеси түбөлүккө сактала турганын баса белгилешти. Ошол эле учурда мындан ары өлкөбүздө тынчтык жана өнүгүү болушун тилек кылышты.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 14-17-сентбярь күндөрү Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам 63 Кыргыз жараны шейит кеткен. Мындан сырткары 200гө жакын жаран түрдүү жаракат алып, 200 миңге жакыны коопсуз жайга эвакуация болууга аргасыз болгон. Ошол эле учурда жеке турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ekb92
2022-12-23 14:55:00
Дагы деле журогум ооруйт ушуларды эстесем, бирдемеге жинденем ушу тажиктерге каршы нормальный Бир сокку уралбагыныбызга жиндендим, аларда жоготуу ото аз, бизде коп!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан