УЕФА Орусиянын АФКга өтүүсүнө каршы чыкты

УЕФАнын жетекчилиги Орусиянын футбол союзу аталган уюмдун курамынан чыгып, Азия футбол конфедерациясына өткөнүнө каршылыгын билдирди. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

"УЕФА учурдагы кырдаалга карабастан Орусиянын уюмдагы мүчөлүгүн жоготкусу келбейт. УЕФА геосаясий кырдаалдын чыңалуусу басаңдагандан кийин орус футболу кайрадан европалык футболго интеграциялана баштайт деген вариантты жактайт", - деп жазылат маалыматта.

Бүгүн, 23-декабрда өтө турган Орусия футбол союзунун аткаруу комитети Орусиянын УЕФАдан Азия футбол конфедерациясына өтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан