Биз социалдык тармакта

Бири "эски тонун" кийсе, экинчисине 7 миң оюнчук тагылып... 6 калаага коюлган 6 балатынын сүрөтү

Жаңы жыл майрамына саналуу гана күндөр калды. Учурда өлкө аймактарында элге майрамдык маанай тартылоо максатында борбордук аянттар, көчөлөр кооздолуп, балатылардын чырактары жандырылды. Мындай улам SUPER.KG порталы жети облустун борбор шаарларында Жаңы жылга карата жасалгалоого канча каражат кеткенине саресеп салып көрдү.

Бишкек шаары

Быйыл Бишкек шаарында Жаңы жылдык балаты 7 миң оюнчук менен кооздолду. Бул кыргыз калкынын саны 7 миллионго жетиши менен байланыштуу экени айтылды. 25 метрлик балатынын чырактары 16-декабрда жандырылып, саамалык концерттик программа менен коштолду. Баса белгилеп кетчү жагдай, быйыл "Ала-Тоо" аянтында майрамга карата салют атылат. Ага шаардык бюджеттен 755 миң сом каралды.

Ош шаары

Ош шаарында быйыл бийиктиги 29 метрди түзгөн балатынын чырактары 20-декабрда жандырылды. Ош калаасында аянтты, балатыны жана башка майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө шаардык бюджеттен 2 миллион 700 миң сом бөлүндү.

Жалал-Абад шаары

Быйыл Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтына бийиктиги 27 метрди түзгөн Жаңы жылдык балаты орнотулду. Ал эми аянтты жана балатына кооздоо үчүн шаардык бюджеттен 817 миң сом каралган. Балатынын чырактары 19-декабрда салтанаттуу түрдө жандырылган болчу.

Нарын шаары

Нарын шаардык мэриясы балаты жасалгалоого каражат сарпталбаганын билдирди. Алардын айтымдарында, балаты 4 жыл мурда сатып алынган оюнчуктар менен кооздолуп, 16-декабрда чырактары жандырылган.

Талас шаары

Талас шаарында бийиктиги 15 метрди түзгөн балатынын чырактары 22-декабрда жандырылды. Калаадагы аянтты, балатыны жасалгалоого 275 миң сом бөлүнгөн. Быйыл шаардыктардын көңүлүн көтөрүү максатында аянтта тирүү коёндор дагы коюлду.

Каракол шаары
Быйыл Каракол шаарында Жаңы жылдык балатыны жасалгалоо жана фейерверктер үчүн 569 миң сом бөлүндү. Балатынын бийиктиги 22 метрди түзүп, анын чырактары 23-декабрда жанды.
Баткен шаардык мэриясы чек арадагы окуяны эске алуу менен майрамдарга чектөө киргизген. Бирок мэрия элдик сейилдөөнү уюштуруп берерин кабарлады. Ал эми жаңы жылдык балаты демөөрчүлөрдүн эсебинен жасалгаланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kg-04
2022-12-25 19:44:00
Бишкектеги кооз экен
0
Patriotka
2022-12-25 20:12:00
Кайран гана акчалар,мага 700 мин жетмек уй сала албай журом темселеп ооруп,барбаган жерим калбады...Баары эле эмне болсон ошо бол дешип(((
0
patriot.kg94
2022-12-26 00:22:00
Patriotka шугур кылыш керек сизге окшогондор миндеп саналат
+1
Janna19
2022-12-25 22:15:00
Балаты го балаты дечи,а тиги суперстан деген баракчалары кайда кеткен
+1
talaa11
2022-12-26 09:49:00
Суперстан болуму эмне болгон жок болуп кеттиго билгендер айтып койгулачы сураныч?????
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан