Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Кызыл-Кыя шаарынын тургуну кайрылды. Жергиликтүү тургун бир айдан бери үйүнөн таза суу чыкпай жатканын айтып, шаардык суу канал ишканасынын ишине нааразы болду.
Айтымында, ал Кызыл-Кыя шаарынын Темир жол көчөсүндө жашайт.
"Биздин көчөгө таза суу үчүн түтүктөр жаңыланып, бирок менин үйүмө кеткен түтүк жакшы коюлбай калган. Буга байланыштуу суу жолго агып, үйдөгү крандан суу чыкпай жатат. Бир айдан бери ар кимдин үйүнөн суу ташып кыйналдым.
Мектепте окуган үч балам бар. Суудан карызыбыз жок, билдирме бергенбиз. "Кызыл-Кыя шаардык суу канал" ишканасына 3-4 жолу кайрылдык. Бирок эч эле келбей коюшту. Кыштын күнү жер тоңуп калса, мен жазга чейин суусуз отурушума туура келет. Ушул көйгөйдү чечип берүүңүздөрдү суранам", - деп кайрылды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.