Биз социалдык тармакта

Бишкекте мэрдин жаңы жылдык балатысы өттү. Ага миңден ашык бала катышты

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында борбор калаанын мэринин жаңы жылдык балатысы өттү. Мэриядан кабарлагандай иш-чарага миңден ашык бала күбө болушту.

Мэр Эмилбек Абдыкадыров жаш бишкектиктерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалады.

Саамалыкта «Жаңы Жылдын Жылдызы» спектаклине социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөн, ата-энеси жок, көп балалуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, окуунун отличниктери жана ар кандай сынактардын, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болуп 1 108 бала күбө болушту.

Иш-чаранын аягында балдарга таттуу белектер тапшырылганы маалымдалды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан