Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу Арек айылында 120 орундуу жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
24-декабрда өткөн ачылыш аземге Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Мындан тышкары бийлик өкүлдөрү жаңырган жылда Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосу менен кошумча жана жаңы окуу корпустарын куруу пландалып жаткан №35 Жоро Атабаев жана №37 Гапар Айтиев атындагы мектептерге барышты.