Самат Кыргыз экс-чемпионду жеңип алды (видео)

Кечээ, 25-декабрда "Hardcore Boxing stadium" турниринин негизги беттешинде кыргыз мушкери Самат Абдырахманов (Самат Кыргыз) мурдагы "Bare Knuckle FC" уюмунун чемпиону Элвин Брито менен беттешти.

Беттеш жалпы 18 мүнөткө созулду. Анда калыстардын чечими менен кыргыз мушкери жеңүүчү деп табылды. Муну менен Самат "Кыргыз" "Hardcore Boxing" уюмунун орто салмактагы чемпиондук куруна ээ болду.

Самат Абдырахманов бул беттеште ар кандай кыймыл жасап, күйөрмандардын дагы колдоосуна ээ болду.

Буга чейин Самат Абдырахманов "Hardcore FC" экинчи сезонунун чемпиону болгон.

Самат "Кыргыз" "Hardcore Boxing stadium" боюнча чемпион болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
salimbek87.kg
2022-12-26 10:00:00
Чыныгы САМАТ Кыргыз алга азаматсын жениш Кут болсун
+1
bosmos77777
2022-12-26 13:43:00
Тенирим Ак жалгасын! Жениш "Кут" болсун. Ийгиликтер. Бул иреет жакшы " Самат" жанылыктарга чыгарышты. Откон биринчи женишин, желеде куттуктап, чагылдырган эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан