Биз социалдык тармакта

Кочкордо "Хан" каймана аты менен таанымал кримтөбөл элден кечирим сурады (видео)

Нарын облусунун Кочкор районунун тургундарынын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, райондо "положенец" катары "Хан" каймана аты менен белгилүү болгон Чигентаев Алмаз Курманбекович элден кечирим сурады.

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, ал коомчулуктун алдында эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен, анын ичинде кечээ эле жергиликтүү ишкерден опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган Н.Шаршеев менен дагы эч кандай байланышы жок экендигин айткан.

"Ал мурда кийин кылган туура эмес иш аракеттери үчүн элден кечирим сурап, мындан ары эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө аралашпай, дыйканчылык менен тынч турмуш куруу милдетин алды", - деп билдиришти УКМКдан.

Эгерде криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн жабыр тарткан жарандар болсо, УКМК органдарынын жергиликтүү түзүмдөрүнө кайрылыңыздар: УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы: 03522 50419; 0700 10-00-05;

УКМКнын Кочкор райондук бөлүмү: 03535-50-386; 0507 88-23-88.

Кочкордо кримтөбөл элден кечирим сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rakyl12
2022-12-26 11:03:00
Кечки жомок, бору баласы ит болобу деген соз бар, дыйканчылык кылат имиш ))
+1
maria87
2022-12-26 11:08:00
Сакал коюп алышып, мечитке барып намаз окуп, анан барып бироону тоноп оокат кылган рекеттер толуп кетти
+3
shejol
2022-12-26 11:33:00
бизде итак эле эки"хан"бар, үчүнчүсу кереги жок
+4
Asmat84
2022-12-26 12:16:00
УКМКнын койбогон спектакли жок да кагазга жазып окутуп койгонун карасаң. Тигиси да жаттап албаптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан