Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарына жумушчу сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, өлкө башчысы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын салттуу бейформал жолугушуусуна катышат.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:
- Муратбек Азымбакиев Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Асеин Исаев Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
- Гульнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы элчиси.