Бүгүн, 26-декабрь күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы 11 ай ичинде аткарылган иштеринин жыйынтыгы туурасында маалымат жыйыны өтүүдө.
Анда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов акыркы 11 ай ичинде өлкөдө 2779 өрт катталып, анын кесепетинен 26 адам каза болгондугун билдирди.
"Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 2,3 пайызга төмөн. Өрттүн кесепетинен ӨКМнын кызматкерлери 31 адамдын өмүрүн, 15 миллиондой материалдык баалуулуктарды сактап калышты. Ал эми жалпы чыгым 3 миллиард сомдон ашык", - деди ал.