Алдыңкы күндөрү өлкөгө Кытай жана Орусиядан жаңы өрт өчүрүүчү унаалар алып келинет. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкө боюнча жалпы 58 жаңы өрт өчүрүүчү унаа бар.
"Кытайдан жалпы 100гө жакын өрт өчүрүүчү унаа алмакпыз. Анын 85и корообузга кирди. Ошондой эле Орусиядан да 10 өрт өчүрүүчү унаа келди. Эми февралда 30у келет", - деди ал.
Шамыркановдун белгилешинче, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл өрт аз катталды. Муну өрт өчүрүүчү унаалардын жетиштүүлүгү менен байланыштырды.