6-7-декабрда Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда өткөн спорттун таэквондо түрү боюнча ачык чемпиондукта жалпы командалык эсепте Ош облусунан барган команда 1-орунга ээ болду. Эске сала кетсек, Ош облусунун 14 жана Ош шаарынын 6 спортчусу аталган мелдешке катышып келишти. Мелдештин жыйынтыгында спортчулар 12 алтын, 4 күмүш, 1 коло медал алганын, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин адиси Фарух Сыдыков билдирди.