Эрдоган Криштиану Роналду карьерасын Сауд Арабияда улантарын билдирди

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган футбол жылдызы Криштиану Роналду мындан аркы карьерасын Сауд Арабияда улантарын билдирди. Бул тууралуу Эрдоган Түркиянын Эрзуурм шаарында сүйлөп жатып билдиргенин түркиялык басылмалар жазышты.

Анын айтымында, Роналду палестиналыктарды колдойт жана бул үчүн ага политикалык санкция колдонулуп жатат. Ошондой эле ал Роналду мындан аркы карьерасын Сауд Арабияда улантарын билдирген.

"Мага жеткен маалыматтарга караганда, Криштиану Роналду карьерасын Сауд Арабияда улантат", - деген Эрдоган.

Буга чейин белгилүү Marca басылмасы Роналду сауд арабиялык "Аль-Наср" клубу менен 2030-жылга чейин келишим түзөрүн жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан