Биз социалдык тармакта

Бала бакчаларда карантин убактысын узартуу сунушталды

Республика аймактарында бала бакчалардагы карантин мөөнөтүн 31-декабрга чейин узартуу сунушталды. Маалыматты Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен тастыкташты.

Айтылгандай, мындай кадамга барууга жарандар арасында КРВИ жана сасык тумоо көп катталганы себеп болгон.

Буга байланыштуу Санэпидем Билим берүү жана илим министрлигине бала бакчалардагы карантин убактысын 31-декабрга чейин узартууну сунуштаган.

Эске салсак, 15-декабрда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өлкө боюнча жалпы 168 бала бакча карантинге жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан