Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары Айсаракан Абдибаева менен Султанбай Айжигитов Улуттук банктын “Банк системасынын мыктысы” медалы менен сыйланышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, алар Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйыны учурунда сыйланышты.
Сыйлыкты депутаттарга Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев тапшырды.