2022-жыл менен коштошорубузга саналуу гана күндөр калды. Шаар тургундарына жана келген конокторго жаңы жылдык маанай тартуулап, көңүлдөрүн көтөрүү максатында борбордук аянтка жана коомдук жайларга балатылар орнотулган.
SUPER.KG порталы шаардын майрамдык жасалгаларын чагылдыруу менен сүрөт баян тартуулайт.




















Борбордук аянтта жайгашкан балаты былтыркы балатыдан оюнчугунун көптүгү менен айырмаланат. Өткөн жылкы балатыга 1 миң 400 оюнчук тагылса, быйыл 7 миң оюнчук менен кооздолгон. 25 метрди түзгөн балатынын чырактары 16-декабрь күнү жандырылды.

Ал эми айрым коомдук жайлардагы балатылардын жасалгаланышы былтыркыдан анчейин өзгөрбөгөнүн көрүүгө болот.




