Футбол: Килиан Мбаппе "ПСЖ" клубуна ультиматум койду

Франциянын "ПСЖ" футболдук клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе париждик клубдун курамында калуу үчүн үч шарт койду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Мбаппе "ПСЖ" клубунан келе жаткан жай айында же 2024-жылы бекер трансфер менен кетиши мүмкүн. Мындай болбош үчүн футболчу өз клубуна үч шарт койгон.

Мбаппенин клубга койгон шарттарынын биринчиси бул - бразилиялык чабуулчу Неймарды сатуу. Клуб өткөн жайда бразилиялык футболчуну сатууга аракет кылган. Бирок Неймарды сатып алууну каалагандар болгон эмес.

Экинчиси: Лондондук клуб менен келишими 2024-жылы аяктай турган "Тоттенхэмдин" чабуулчусу Гарри Кейн менен келишим түзүү.

Үчүнчүсү: Зинедин Зиданды "ПСЖ" клубунун башкы машыктыруучусу кызматына чакыруу.

Эске салсак, өткөн сезондо Мбаппенин "ПСЖ" клубу менен келишими аяктаган. Франциялык футболчу "Реалга" өтүшү мүмкүн деген кептер тараган, бирок чабуулчу париждик клуб менен келишимди узартууну чечкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан