Кыргызстандын волейбол боюнча эркектер курама командасы 23 жашка чейинкилер арасындагы (U-23) зоналык Азия чемпиондугунда күмүш медалга татыды.
Турнирге жалпы төрт команда: Непал, Бангладеш, Шри-Ланка жана Кыргызстандын курамалары катышты.
Финалда кыргызстандык волейболчулар үй ээлери болгон Бангладеш курама командасына 3-2 эсебинде жеңилип калышты.
Ага чейин Кыргызстандын командасы Шри-Ланканы 3-1, Непалды 3:0 эсебинде жеңген болчу.
Мелдеш 19-28-декабрь күндөрү Бангладештин Дакка шаарында өткөн.