Бүгүн, 9-декабрда кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина теннис боюнча Индиянын Нави Мумбай шаарында өтүп жаткан “Futures” сериясындагы Эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Ксения Палкина британиялык Жейд Виндли менен жуптукта алгачкы беттешин индиялык теннисчилер Рутужа Бхосали жана Ришика Сункарага каршы өткөрөт.
Ал эми жекеликте анын атаандашы грузиялык Оксана Калашникова болмокчу. Эске салсак, буга чейин Калашникова менен Палкина 3-декабрда Пуна шаарындагы мелдештин биринчи айлампасында кортто кездешишкен. Анда жеңиш кубанычын грузиялык теннисчи майрамдаган (5:7, 2:6).
Эске салсак, мелдеш 9-15-декабрь аралыгында өтөт. Ага 19 өлкөдөн 40тан ашуун теннисчи катышууда. Мелдештин байге фонду 25000 долларды түзөт.