Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен жашыруун жолугушканы аныкталды. Бул тууралуу маалыматты УКМКдан кабарлашты.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, эл өкүлү 25-декабрда Чолпон-Ата шаарына уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен «Барс» спорттук-эс алуу комплексинде жашыруун жолугушкан.
"Уюшкан кылмыштуулук феномен катары улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч келтире баштады. Экономиканын жана бүтүндөй мамлекеттик аппараттын динамикалуу өнүгүшүн камсыз кылуу зарылчылыгынын шартында өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылууда.
Коррупциялык компонент кылмышкерлердин мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен биригүүсүнүн негизи болуп, анын ичинде жооптуу кызматты ээлегендер, кээ бир учурларда жеке кызыкчылык, ач көздүк, мыйзамсыз баюу мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору турат.
Бул контекстте криминалдык авторитет Камчы Асанбек (Көлбаев) менен Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун ортосунда улуттук коопсуздук органдары тарабынан белгиленген байланышка өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Себеби 2022-жылдын 25-декабрында ал атайын Чолпон-Ата шаарына уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен «Барс» спорттук-эс алуу комплексинде жашыруун жолугушуу үчүн келгендиги аныкталды. Бул боюнча далилдүү фактылар бар", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле УКМК, мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде депутаттарга кылмыштуу элементтер менен байланышууга жол берилбестигин белгиледи.
Белгилей кетсек, 17-ноябрда депутат Бакиров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте кайым айтыша кеткен.