Баткенде мурда соттолгон жаран тургундун унаасын айдап качканга айыпталууда

Кызыл-Кыя шаарында мурда соттолгон 26 жаштагы жаран унааны айдап качканга айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Баткен ОИИБи тарабынан белгилүү болду.

Милиция кызматына 27-декабрда 26 жаштагы шаар тургуну К.Ж. кайрылган. Ал анда ошол эле күнү саат 23:00 чамасында шаардагы кафенин жанында Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унаасын токтотуп койгон жеринен белгисиз жарандар айдап кеткенин айткан. Ошондой эле аларга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган окуя Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

28-декабрда шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Кадамжай районунун тургуну 29 жаштагы Ш.у З. Ош шаарынан кармалган.

Учурда ал убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан