Оор атлетика боюнча Бакудагы эл аралык мелдеште кыргызстандыктар байгелүү орундарга илинген жок

Оор атлетика боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөлөрү Баку шаарында өткөн Эл аралык "Гран-При" мелдешинде байгелүү орундарга илинген жок. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча Эл аралык федерациясынын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-декабрда жыйынтыкталган мелдешке Кыргызстандын атынан Тимур Бекнур уулу (62 килограмм салмакта), Улан Жакишев (69 килограмм), Жаңыл Океева (48 килограмм) жана Аделя Баизова (49 килограмм) катышкан.

Кыз-келиндер арасындагы таймаштарда Аделя Баизова 49 килограмм салмакта 8-орунду ээлесе, Жаңыл Окенова 48 килограмм салмакта 9-орунду ээледи.

Ал эми уландар арасында Тимур Бекнур уулу (62 кг) 16-орунду алды. Кыргызстандыктардын ичинен алдынкы көрсөткүчтү Улан Жакишев көрсөтүп, 6-орунду ээледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан